Орхан Инанды 55 жашка толду

Автор

«Сапат» билим берүү мекемелеринин экс-президенти Орхан Инанды 55 жашка толду. Ал 1968-жылы Түркиянын Каарман Маараш провинциясында жарык дүйнөгө келген. Анын туулган күнү тар чөйрөдө белгиленип, каалоо тилектер айтылды.

Орхан Инанды мындан 3 жыл мурда Түрк коопсуздук кызматтары тарабынан качырылып, үстүбүздөгү жылдын  16-июнунда мамлекеттик айыптоочу аны 21 жылга эркинен ажыратууну сураган. Адвокаты Халил Ибрахим Йылмаз жогорку инстанцияларга кайрылып жатышкандарын билдирип, “учурда жетиштүү документтер топтолду. Укуктук талаада актыкка жетүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Орхан Инандынын саламаттыгы жакшы. Качыруу мезгилинде сынган колу калыбына келген. Кыргыз элиндеги “ак ийилет бирок, сынбайт” деген сөз анын девизи болуп калды”,- деп билдирди.

Орхон Инанды 3 жылдан бери Анкара шаарындагы Синжан түрмөсүндө кармалып турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кайрадан көчөгө ташталган ымыркай табылды

Бишкекте кайрадан ташталган жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу  Ленин РИИБ тастыктады. Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү саат 22:45 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына Арча-Бешик конушунда, Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин тосмосуна жакын жерде желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Бишкектин Ленин райондук милициясынын […]

Сизге жагышы мүмкүн