АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция киргизди

Автор

Бейшемби күнү АКШнын Каржы министрлиги санкцияланган товарлардын Россияга жеткирилишине байланыштуу кыргызстандык  RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн”компанияларына санкция жарыялады.

“Россия Украинага атайын операция баштагандан бери Кыргызстанда жайгашкан компаниялар мезгил-мезгили менен Россияга электрондук тетиктерди жана башка технологияларды экспорттоп турушат”,-деп белгилейт АКШнын Каржы министрлиги.

18-июлда “The Washington Post” гезити АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын Россияга санкцияланган товарлардын жеткирилишине жол бербөө үчүн Кыргызстанга каршы экономикалык чараларды көрүү планы тууралуу жазган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптап саламаттыкты сактоо системасына түйшүк жаратууда

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) шаршемби күнү дүйнөнүн бир катар аймактарында орун алган аномалдуу ысык аба ырайы саламаттыкты сактоо тутумунун түйшүгүн бир топ жогорулатканын билдирди. ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейисустун айтымында, мындай аба ырайы кары-картаңдарга, балдарга жана жакырларга эң чоң коркунуч туудуруп жатат. Уюмдун башкы директору Дүйнөлүк метеорология уюму менен […]

Сизге жагышы мүмкүн