АКШда көпүрөнүн урашынан алты адам көз жумду

Автор

Мэриленд штатындагы Балтимор аймагында Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсүнүн кыйрашы алты адамдын өмүрүн алганы болжолдонууда. Бул тууралуу NBC News “Brawner Builders” курулуш компаниясынын аткаруучу вице-президенти Джеффри Прицкерге шилтеме берүү менен кабарлады. Прицкердин айтымында, бир адам куткарылды.
Патапско дарыясынын үстүндөгү Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсү 26-мартта ураган. Сингапурдун желеги тагылган жүк ташуучу кеме көпүрөнү сүзгөн. Анда кеме өрттөнүп, чөккөн. Балтимордун өрт өчүрүү кызматы окуя болгон учурда өтмөктө жети курулушчу иштеп жатканын билдирилди.
Мэриленддин губернатору Уэс Мурдун айтымында, суудан беш унаа, анын ичинде үч жеңил жана цемент ташыган унаанын табылган. АКШнын президенти Жо Байден көпүрөнүн кулашын атайын жасалган иш деп айтууга негиз жок экенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына кимдер катышат?

Бишкекте өтө турган күрөш боюнча Азия биринчилигине Кыргызстандын атынан 10 грек-рим балбаны катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 11-16-апрелде өтөт. Курама команда: Улан Муратбек уулу — 55 кг Жоламан Шаршенбеков — 60 кг Дастан Кадыров — 63 кг Раззак Бейшекеев — 67 кг Адылхан […]

Сизге жагышы мүмкүн