Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулу көбөйтүлдү

Автор

Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген көбөйтүлгөн жөлөк пулду 2024-жылдын 5-февралынан тартып ала башташат.
“Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөлүк футбол ардагерлери арасындагы чемпионат өтөт

Англияда өтө турган 35 жаштан жогорку футболчулар арасындагы биринчи дүйнөлүк чемпионат өтөт. Мелдешке сегиз команда катышат Легендарлуу оюнчулар катыша турган мелдешке 35 жаштан жогорку курактагы жана өз улуттук курама командасында ойногон же клубдук чемпионаттын жогорку дивизионунда кеминде 100 оюн өткөргөндөр гана мелдешке катыша алышат. Ардагерлер арасындагы биринчи дүйнөлүк чемпионатка Бразилия, […]

Сизге жагышы мүмкүн