Азия Кубогу – 2024 : Кыргызстандык футзалчылар Япония курамасын жеңди

Автор

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия кубогунда Японияны жеңип алды.
Тайпалык баскычтын алкагында өткөн бул оюн 3:2 эсебинде кыргызстандык футзалчылардын пайдасына аяктады. Голдордун авторлору: Самат Джанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов.
Эске салсак, ата мекендик курама Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.
КР курамасынын тайпадагы кийинки беттеши 20–апрелде Тажикстанга каршы өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Сейсмология институту билдиргендей, кечээ 18-апрель саат 21:16да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Өзбекстандын аймагында катталган. Жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында, тактап айтканда Найман айылынан түндүк-чыгышка карай 14 чакырым, Кочубаев айылынынан түндүк-батышка карай чакырым, Андижан шаарынан түштүк-батышка карай 27 чакырым жана Ош шаарынан батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан. […]

Сизге жагышы мүмкүн