Кадыров  кайрадан Чеченстан  президенттигине аттанат

Автор

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров  келерки  президенттик шайлоого катышууга даяр экенин билдирди.  Бул тууралуу  ал Telegram баракчасы аркылуу жар салды.

“Мени кетирип, ордума башка бирөөлөрдү издеп жатышат деген кептер тарап жатат. Менин ордума  эч ким издеген жери жок, издөөгө да жол бербейм. Мөөнөтүм  бүтсө, Алланын уруксаты менен мен кайрадан шайлоого барам, эл шайласа, иштей берем”, – деп белгиледи Чеченстандын башчысы.

Ал республиканын тургундарын ачыктан-ачык провокаторлор тараткан ар кандай ушак-айыңдарды жана божомолдорду ишенбөөгө  чакырды. Алардын милдети, деп баса белгиледи Кадыров, чечен жетекчилигинин беделине шек келтирип, аймакты туруксуз деп көрсөтүү.

Аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдарлардын ээрчий албайсың», – деп эсептейт Кадыров.

Белгилей кетсек, ал 2007-жылдын февралында Чеченстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп, кийинчерээк республиканын президенти жана башчысы болуп иштеген. 2021-жылдагы акыркы шайлоодо Кадыров 99,7% добушка ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кургак жана ысык аба ырайы дагы он күнгө созулат

Бишкекте кургак жана ысык аба ырайы дагы он күн уланат. Күндүз термометр 35…38 градусту, түнкүсүн 23…25 градусту көрсөтөт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, июль айынын үчүнчү декадасына чейин борбордо жаан-чачын күтүлбөйт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн