23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү

Автор

Бүгүн , 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү. 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Бул алгачкы жеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган.
1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль — Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган.
Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып жалпы элдик майрам катары киргизилген. Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көл өнүктүрүү фондун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары К.Р.А. жана бөлүм башчысы У.Т.У. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалматка ылайык, УКМК Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. Натыйжада, […]

Сизге жагышы мүмкүн