Ленин округу боюнча депутаттык шайлоого үгүт иштери башталды

Автор

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майда башталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үгүт иштери 27-майда саат 08:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:

  • Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
  • Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;
  • басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
  • Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Шайлоого жалпы 32 талапкер катталды.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТОнун баш катчысы альянстын бардык мүчөлөрү Киевдин кирүүсүнө макул экенин билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “Вашингтон Пост” гезитине берген маегинде НАТОго мүчө бардык өлкөлөр Украинанын альянска кошулушуна макул болушканын билдирди. «НАТОдогу бардык союздаштар Украина альянска мүчө болоруна макул. Бардык союздаштар Украина Москва үчүн эмес, Киев үчүн өз жолун тандоого укуктуу дегенге макул. Үчүнчүдөн, бардык союздаштар НАТОнун эшиги ачык бойдон калууга […]

Сизге жагышы мүмкүн