Владимир Путин Кыргызстанга качан келээри белгилүү болду

Автор

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Шайлообек Атазов, ЖК депутаты:  "Кымбатчылыкка ким жооп берет? Нан 35 сомго көтөрүлдү"

“Азык – түлүк менен тоютка болгон кымбатчылык күн сайын өсүп жатат. 25 сомдук нандар 30-35 сомдон сатылууда. Айыл чарба министрлигинин шалаакылыгын да ушул жерде талкуулайлы”,- деди депутат Шайлообек Атазов. “Эгер айыл чарба министри Монголияга кымбат баада сарымсак сүйлөшкөнү кеткен болсо, анда, келбей эле койсун. Бул жерде Акылбек Жапаров отурат бирок, […]

Сизге жагышы мүмкүн