Айбек Осмонов фонддорду ачууда геосаясатты аралаштырбоону сунуштады

Автор

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган “Түрк Инвестициялык Фондун” уюштуруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо боюнча маселени карады. Комитеттин төрага орун басары Айбек Осмонов фонддорду ачууда геосаясий маселени аралаштырбоону сунуштап, “бизде “Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду”, “Кыргыз-Өзбек инвестициялык фонду”, “Кыргыз-Азербайжан фонду” сыяктуу фонддор бар. Ар кандай маселеден улам мамиле солгундап кетсе, фонддор аркылуу финансылык операция жүргүзүү кыйындап кетпесин. Ошондуктан, геосаясатты аралаштырбагыла”,- деди.

Аталган фондду уюштуру демилгеси түрк тилдүү өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусунда көтөрүлүп, ага президент тарабынан кол коюлган.

Бөлүшүү:
Next Post

Имбирде кандай пайдалуу заттар бар?

Имбирдин даамы таттуу-кычкыл даамданып, эфир майларындай жагымдуу жыты бар. Мындай курамы менен имбир майларды эритүүчү касиетке ээ . Демек, имбирди колдонуп ашыкча салмактан арылууга болот. Мындан сырткары, имбир тамырынын курамында адам баласынын организмине пайдалуу витаминдер, органикалык майлуу кислоталар жана кичи элементтер бар. Ошондуктан кайсы бир ооруну таптакыр айыктырып жок кыла […]

Сизге жагышы мүмкүн