№ 2 Баткен шайлоо округуна дагы бир талапкерден арыз түштү

Автор

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.
БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Баткен шайлоо округу боюнча талапкер 1993-жылы туулган Калпаев Бактияр Алиевичтен арыз түшкөн. Ал «Комфорт Хаус» ЖЧКсынын директору.
Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар элчиге зээриккенинен чалбайт

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевди Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева сындап, аны менен байланышуу мүмкүн эмес деп билдирди. “Мен өзүм чалдым, СМС да жаздым, бирок, жооп болбоду. Депутаттар сизге зээриккенинен чалбайт. Эгер эл өкүлү сиз менен байланыша албаса, мигрант көйгөйүн кантип жеткизет”,- деп сурады депутат. Элчи бейтааныш номерлерди албай турганын […]

Сизге жагышы мүмкүн