Азия чемпионаты -2024: КР грек-рим күрөшү боюнча курамасы командалык эсепте 2-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Учурда Кыргызстандын капчыгында 6 медаль бар (1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло).
Алтын медалды Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жеңсе, күмүш байгени Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) багындырды. Коло медалга Улан Муратбек уулу (55 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) татыды.

Бөлүшүү:
Next Post

Москвада ыдык көргөн дипломаттын маселеси парламентте көтөрүлдү

Орус милициясы түнү бастырып кирип, үйү тинтүүгө алынган Москвадагы кыргыз дипломатынын маселесин депутат Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү. Ал Жогорку Кеңештин атынан мамлекеттик Думага нааразычылык кат жөнөтүүнү сунуштап, негизинен, башка атуулдарыбыз деле катаал текшерүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты. Өткөн жумада элчинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйү тинтүүгө алынып, орус-кыргыз мамилесине […]

Сизге жагышы мүмкүн