Азия чемпионаты-2024: Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болду

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болду.
Ал финалда жапониялык атаандашы Нао Кусакадан 2:4 эсебинде жеңилип калды.
Акжол Махмудов чейрек финалда казакстандык балбан Ибрагим Магомадовду 3:3, жарым финалда ирандык балбан Амир Али Абдини 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алган эле.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Париж олимпиадасына жолдомо алган спортчулардын бири. Ал Азиянын төрт жолку, дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстан түрк жарандары үчүн виза режимин киргизди

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 20-апрелден тарта түрк жарандары үчүн виза режими киргизилгенин билдирди. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги түркиялык жалпы чет элдик паспорттордун ээлери үчүн визалык режим киргизилгенин жарыялаганын өлкөнүн улуттук Ховар маалымат агенттиги билдирди. «Өз ара принципти ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 20-апрелинен тарта жалпы түрк чет элдик паспортторуна виза режими […]

Сизге жагышы мүмкүн