Азия чемпионатында Алмаз Сманбеков күмүш медаль алды

Автор

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Алмаз Сманбеков күмүш медаль утуп  алды.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмактагы Алмаз Сманбековдун тандап алуу турундагы атаандашы пакистандык Мухаммад Билал күрөштөн баш тарткандыктан, жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылган.

Чейрек финалда казакстандык Рахат Калжанды 4:2 эсебинде, жарым финалда монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп, финалга өткөн.

Финалда индиялык Аман Аманга 4:9 эсебинде утулуп калды.

 

Эске салсак, Алмаз Сманбеков былтыр, 2022-жылы Улан-Батордо өткөн Азия биринчилигинде коло медаль алган.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

14-17-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана бир катар унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Алар: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы); Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу); Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 72-107 чакырымдарында кар […]

Сизге жагышы мүмкүн