Азия оюндары: Нурзат Нуртаева финалга чыкты

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарынын финалына чыкты.

Аталган мелдешке Нурзат Нуртаева 68 кг салмак ченинде, 4/1 финалдан тарта катышууда. кыргыз балбаны алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны 8:7 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште Нуртаева монголиялык Делгермаа Энхсайханды 10:8 эсебинде артта калтырды.

Финалдык беттеште кыргыз спортчусу китайлык Фенг Чжоу менен кез келет.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Европарламент Киевге 50 миллиард евро бөлүүнү колдоду

Европарламенттин депутаттары Еврокомиссиянын Украинага 2027-жылга чейин 50 миллиард евро өлчөмүндө жардам көрсөтүү үчүн каржылоо механизмин түзүү долбоорун колдошту. Маалыматка ылайык, депутаттар механизмди да, жаңы бюджетти да тезирээк бекитүүгө чакырышты. Парламентарийлер ошондой эле негизги талаптардын бири катары Украинаны калыбына келтирүү үчүн жаңжалга түздөн-түз тиешеси бар Россия же башка юридикалык же жеке […]

Сизге жагышы мүмкүн