Азия оюндары: Жөө күлүк Сардана Трофимова  коло медаль жеңди

Автор

Бүгүн, 5-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында жеңил атлетика, анын ичинде марафон боюнча жарыштар өттү. Кыздар арасында марафон дициплинасында кыргызстандык Сардана Трофимова коло байгеге ээ болду.

Спортчу 2:28:41 убактысы менен келип, 17 спортчунун арасында 3-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Орхан Инанды мугалимдерди куттуктады

Миңдеген окуучуга үмүт жана мүмкүнчүлүк түзүп берген,  мектептерди жаңылыктын жарчысына айландырган, миңдеген ата – эненин сыймыгына ээ болгон мыкты мугалим, агартуучу «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы  президенти Орхан Инанды бардык агартуучуларды мугалимдер күнү менен  куттуктады. Ардактуу мугалимдер менин агартуучуларым! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен  чын дилимден куттуктайм! Мугалим сокурга – көз, […]

Сизге жагышы мүмкүн