Орхан Инанды мугалимдерди куттуктады

Автор

Миңдеген окуучуга үмүт жана мүмкүнчүлүк түзүп берген,  мектептерди жаңылыктын жарчысына айландырган, миңдеген ата – эненин сыймыгына ээ болгон мыкты мугалим, агартуучу «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы  президенти Орхан Инанды бардык агартуучуларды мугалимдер күнү менен  куттуктады.

Ардактуу мугалимдер менин агартуучуларым!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен  чын дилимден куттуктайм!

Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч!

Балдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп,  рухий байлыкка байытып, жаркын максаттарга үндөгөн сиздерге таазим кылам. Эмгегиңиздердин канчалык кыйын экенин, түйшүктүн түмөндүүлүгүн билем.

Келечек муундарыбызга сапаттуу билим берүүдөн талбаңыздар! Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм!

Бөлүшүү:
Next Post

Калп айтуу да - оорунун бир түрү

Адам эмне үчүн жалган сүйлөйт? Эксперттердин айтымында, бул көрүнүш дайым эле адамдын мүнөзү менен калыптанып, башкаларды таарынтуу же жеке максаттары үчүн пайдаланган адамдык сапаты болуп эсептелбейт. Патологиялык калпычылар — жалган сүйлөөдөн арылуу үчүн оңою менен күрөшө албаган сейрек кездешүүчү оорулуулар. Шизофренияга чейин жеткирген дарттын себеби эмнеде? Калп айтуу – чындыктан […]

Сизге жагышы мүмкүн