Азия Кубогу: Эртең «Ак шумкарлар» Сауд Аравия курамасы менен беттешет

Автор

Эртең, 21-январда 2023-жылкы футбол боюнча Азия Кубогунун «F» тайпасында “Кыргызстан – Сауд Аравия” курама командасы менен беттеши болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Азия Кубогундагы экинчи беттеши Катардагы «Ахмат бин Али» стадионунда өтөт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.
Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 16-январда Тайланд курамасына каршы Азия кубогундагы алгачкы беттешин өткөрүп, 0:2 эсебинде жеңилип калган.
Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Марат Токоев: “Сууган жүрөк күн суугун сезеби?

Акын жана журналист Марат Токоевден “Сүртүмдөр” ыр жыйнагы, ыр сабы дегеле поэзия тууралуу маектештик. Таңгаласың. Билбейсиң себебин Турганымдын туйбай суук азабын. Сууган жүрөк күн суугун сезеби? (Марат Токоев) – Сиздин ушул үч сабыңыздан, сууга чөгүп бараткан адамга күн тийип турабы, түнбү, ызгаарбы, жаанбы, баары бир экенин, ал адам суудан жанын […]

Сизге жагышы мүмкүн