Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты

Автор

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчатканын айылдарынан бир жарым миң куб метр күл чыкты

Камчаткадагы Шивелуч жанар тоосунун атылышынан кийин жабыркаган калктуу конуштардан 1500 куб метрге жакын жанар тоо күлү чыгарылды. Бейшемби күнү тазалоо иштери муниципалдык унаалар менен жүргүзүлдү. Өрт өчүрүү кызматтары Ключи шаарындагы оорукананын имаратын жуушту. Кечке жуук аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин автоколоннасы келип, жума күнү социалдык объектилерди тазалашат. Камчаткадагы Шивелуч вулканынын атылышы […]

Сизге жагышы мүмкүн