Азиянын мыкты оюнчусу аталды

Автор

Англиянын “Тоттенхэм Хотспур” клубунун түштүк кореялык футболчусу Сон Хён Мин расмий түрдө 2023-жылдагы “Азиянын мыкты оюнчусу” деп табылды. Бул жарышта ал мекендеши Ким Мин-дже («Бавария») менен Криштиану Роналдуну («Аль-Наср») ашып өттү.
Азиялык футбол журналисттеринин жана эксперттеринин добуш берүүсүндө Тоттенхэмдин жана Түштүк Кореянын курама командасынын капитаны акыркы 22,9% добушка ээ болуп, биринчи орунду ээледи. Белгилей кетсек, Сон Хён Мин карьерасында тогузунчу жолу жана жетинчи жолу катары менен бул категорияны жеңип алды.
Экинчи орунда “Бавариянын” коргоочусу Ким Мин Чже (19,54% добуш). Алдыңкы үчтүктү саудиялык “Аль-Наср” клубунан чыккан атактуу португалиялык Криштиану Роналду (17,06%) толуктады.

Бөлүшүү:
Next Post

Республикалык олимпиаданын II баскычы башталды

Бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II баскычы (райондук/шаардык) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт. Олимпиада эки күн — 18-19-январь күндөрү 10 окуу предметинен өткөрүлөт. 2023-2024-жылкы республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы үчүн талаптар менен бул жерден толук таанышууга болот Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн