Адам эмне үчүн калп айтат?

Автор

Адам эмне үчүн жалган сүйлөйт? Эксперттердин айтымында, бул көрүнүш дайым эле адамдын мүнөзү менен калыптанып, башкаларды таарынтуу же жеке максаттары үчүн пайдаланган адамдык сапаты болуп эсептелбейт. Патологиялык калпычылар — жалган сүйлөөдөн арылуу үчүн  күрөшө албаган сейрек кездешүүчү оорулуулар. Шизофренияга чейин жеткирген дарттын себеби эмнеде?

Алдамчылык оорусу деген кандай жана анын себептери эмнеде? Патологиялык жалганды кантип таанууга болот?

Калп айтуу – чындыктан качуу, атайын жалган билдирүү жасоо болуп саналат. Бул боло турган көйгөйдү жашыруу, сын-пикирлерден алыс болуу, адамдардын жакшы көз карашына ээ болуу же коркуу сезими астында колдонулган ыкма. Айрымдар жалган сүйлөөгө батынбаса, кээ бирөөлөр үчүн бул абал жүрүм-турумдун өнөкөт түрүнө айланып калган. Акыркы кезде мифомания термини же калп айтуу, чындыкты дайыма бурмалоо зарылчылыгын пайда кылган психологиялык абал коомчулугубузда көбүрөөк байкалып жаткансыйт. Бул патологиялык калпычылыктын күнүбүздө бир канча себептери бар, адамдардын көпчүлүгү бул жоругун мойнуна алгысы келбейт жана ошол себептүү муну дарылоо керек дегенден качышат.

Патологиялык калп айтуу деген эмне? Анын себептери кандай?

Күнбү же түнбү, айтор, күнүмдүк турмушубузда стресс көп болот. Айрыкча социалдык чөйрөнүн кысымы астында, же психологиялык ден соолукка байланыштуу адамдардын жашоосуна чоң таасирин тийгизген ар кандай көйгөйлөр көбөйүп баратат. Мифомания ооруга чалдыгуу тенденциясы деп аталат, ага көптөгөн себептер болушу мүмкүн. Адамга көңүл буруу жетишпесе, өзүлөрүн маанилүү сезгиси келгенде же башкаларга таасирдүү болууну каалаганда калпты кошуп сүйлөшөт. Алар ар бир окуяны жана ар кандай кырдаалды жалган менен кооздоп, жадагалса калп айткандан ырахат алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстанда +43 градус ысык күтүлөт

Жума жана дем алыш күндөрү Өзбекстандын аймагында кургак жана ысык аба ырайы сакталып, абанын температурасы ушул мезгилге карата климаттык нормадан 5-8 градуска жогору болору кабарланды. Күндүз аба ырайы +38…+41 градуска чейин жылыйт, түштүктө жана чөлдүү аймактарда айрым жерлерде +43 градуска чейин ысыйт. 2016 жана 2021-жылдын эң ысык июнь айлары ушундай […]

Сизге жагышы мүмкүн