Кагылышуу башталгандан бери Газа тилкесинде 16 миңден ашуун адам набыт болду

Автор

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышуу күчөгөндөн бери Газа тилкесинде көз жумгандардын саны 16 миң 248 кишиге жетип, 43 миңден ашуун адам жаракат алды. “Эгерде (Израиль) күчтөрдүн алдыга жылуусу улана берсе, саламаттыкты сактоо тармагы толугу менен кыйрап калышы мүмкүн”,-деди Газанын саламаттыкты сактоо министри Маи аль-Кайла.
Газа тилкесинин өкмөтүнүн маалымат борборунун билдирүүсүнө караганда урандылардын астында калышы мүмкүн болгон дайынсыз жоголгондордун саны 7600гө жетет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык боксчулар Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Спортчуларды “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары Бектур Кокоев, бокс федерациясынын вице-президенти Нурсултан Мойдунов жана спортчулардын жакындары тосуп алышты. Белгилей кетсек, бокс боюнча жаштар курама командасы Еревандагы Дүйнө чемпионатында 2 медаль жеңди — […]

Сизге жагышы мүмкүн