Министрлер кабинети отставкага кетип, кайрадан Өмүрбек Бабановдун өкмөтү курулушу мүмкүн. Мындай маалыматты саясий серепчилер таратып жатышат. Алар “Республика-Ата-Журт” партияларынын кайрадан биргелешип, өкмөттүн курамын түзүшөөрү, Бабанов менен Ташиевдин жакындыгы жана президенттин бул макулдашууга жашыл жарык жагаарын божомолдоп жатышат. Акылбек Жапаров өлкө казынасын толтурган, мурдагы жана кийинки мектеп, бала бакчаларды пайдаланууга берген, мамлекеттин финансы тармагын жөнгө салган жана өлкө жетекчилери менен жакшы мамиледе иштеген өкмөт башчы катары тарыхта калат. Мындайда бош калбай Түркияга элчиликке аттанабы?
Парламентте "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү отурушат
Бей Ноя 30 , 2023
“Раимбек Матраимовдун мафиясы” делген уюшмага мүчө болгон айрым мамкызматкерлер кызмат ордунан кол жууп жатышат. Мындай аракет айрыкча, Түштүк аймагында катуу ишке ашып жатканы айтылууда. Бирок, Жогорку Кеңештеги “Раимчилер” боюнча азырынча чечим кабыл алына элек. Учурда мурдагы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын көпчүлүк мүчөлөрү депутат болуп отурганын эске алганда Жогорку Кеңешти тазалоо кыйын […]