Сапатка 30 жыл: Идеалдуу билим системасы

Автор

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо эле билим жолун тандаган, келечекти ойлогон,улут тагдыры бүгүнкү күн менен эле чечилип калбашын, анын түпкүлүгү өзгөчө маанилүү экендигин туура түшүнгөн. Балким мында биринчи Ажонун илим-билим инсаны болгондугу да маанилүү ролду ойнондур. Өлкөнүн ошол багытында анын оорун колдон, жеңилин жерден алып келаткан бул кыргыз-түрк лицейлеринин башын бириктирген “Себат” деп аталган билим берүү мекемеси. Түркия, Германия, Голландия ж.б европалык мамлекеттердеги колунда бар ишкерлер демөөрчүлүк кылып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан акча ашырып, качандыр бир кезде тарых-тагдыр бөлүп салган бир туугандар катары ушул.

Кыргызстандын улан-кыздарын дүйнөлүк стандарттагы билим берүү менен камсыз кылалы деген  максатта алар агартуу системабыздын арабасын тартып кирди. “Себаттын” башкы максаты  Кыргызстандын билим берүүсүн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп чыгуу эле. Ошол үчүн окутуучулар жана тарбиячылар курамы бүт конкурс менен тандалды, эски союздан калган имараттар таң каларлык кооз, жарык, баланы  өзүнө тарткан жылуулук менен европалык усулда  ремонттон өттү, ушул ремонт эле оңбогондой акчаны башын жеди, бирок канткен менен этап аягына чыкты –лицейлер эң сонун ремонттолду да, балдарды кабыл алууга даяр болду.

Алыс-алысты көздөп…

Эми экинчи маселе  -эмне менен, кантип окутуу керек деген проблема келип чыкты. Дүйнөлүк стандарт деген али ала-тоолуктар үчүн жомок сыяктуу, түш сыяктуу сезилет, америкалык-европалык мектептер далайга алдыга узап кеткен, аларга жетүү кыйын бирок аракет кылуу керек. “Себаттыктар” ошол дүйнөлүк билим системасынын оң-терс жактарын дыкаттык менен үйрөнүштү жана ошолордун эң алдыңкыларын, эң эле мыктыларын, башкаларын кыргыз жерине алып келүүгө тобокел кылышты. Чын эле кыргызстандыктар  эмнеден кем дешти. Окуу программасын ошол дүйнөлүк чен менен түзүштү да , Англиянын, Американын менменсинген мектептери, лицей-колледж, гимназиялары окуп жаткан окуулуктарды кымбатына карабай алып келди.

А муну которуу түйшүктүү жана зарылдыгы жок, андан көрө балдары англис тилине  үйрөтүү алда канча натыйжалуу болот дешти да адегенде даярдоо курсунда англис алиппесин үйрөтүп киришти. Бир жыл өтпөй кыздар-балдар  физика математика, биология, химия сабактарын  англис тилинде окуп киришти, албетте , тил үйрөнүүдө  учурдагы аудиовидео материалдар, мульти-медия системасы, модем, соңку компьютерлер, компакт-табактар, интернет байланышы, интенсивдүү методика, эң башкысы мугалим  менен баланын мамыр-жумур мамилеси чоң жардам берди. Кыргызстандыктар окууга, илим-билимге жөндөмдүүлүгүн толук көрсөттү. Ала-Тоо арасындагы билим боштугун “себаттыктар” толтура алышты.

 Дүйнөлүк  деңгээлге биз бардыкпы, же ал өзү келдиби?

Машыкаттын, тайбастыктын эмгектин алгачкы үзүрү көрүндү. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу окуучулар дүйнөлүк билим жарыша катышып,  ал жерде чоң ийгиликтерди биринин артынан экинчисин  жаратып жатышты:

1994-жылы Ыстанбулда 21 мамлекеттен окуучулар катышкан биология боюнча эл аралык олимпиада өтүп, анда кыргыз-түрк лицейлеринен(КТЛ) катышкан бир окуучу теория боюнча экинчи, ал эми башка окуучу практика боюнча үчүнчү орунду ээледи. 1997-жылы Аргентинада математика боюнча дүйнөлүк жарыш өтүп, ага катышкан нарындык КТЛчы берилген тапшырманы эң кыска мөөнөттө таптакыр башкача, оргиналдуу  чыгарылыш менен, анысы өзгөчө белгиленген жана калыстар тобунун сүйүнүчтүү катын алууга арзыган. 1998-жылы химия боюнча 32-Эл аралык менделеевдик олимпиада  болуп, ага жалал-абаддык КТЛчы жигит катышып, 3-орунду ээлеген жана МГУнун химия факультетине экзаменсиз кабыл алынган. Мындай олимпиадаларга  Болгария, Орусия, Түркия, Украина ж.б мамлекеттерде КТЧчылар активдүү катышып, байгелүү орундарды алып келишти.

Мына быйыл эле Түркиянын Анталия шаарында өткөн биялогия билим жарышында 38 мамлекеттин 150 окуучусунун ичинен биздин Н. Үсөнканов күмүш медаль тагынууга арзыды. Даниядагы болгон химия олимпиадасында оштук КТЛчы А. Жалилов теория боюнча экинчи орунду камсыз кылды. Жогоруда саналагандар жана  айтылбай кеткендер жөн гана  кургак санат, жөн эле факт эмес, бул Кыргызстандын  зоболосун көтөргөндүгү, “Себат” билим берүү системасынын дүйнөлүк стандартка ылайык  окута билим бере билеринин айгине күбөсү, бул  кыргызстандыктардын  шык-жөндөмүн, мүмкүнчүлүктөрүнүн чексиз экендигинин көрсөткүчү.

 

Абдыкерим Муратов, жазуучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор

(Заман Кыргыстан гезити, 2-август 2000-жыл)

Уландысы бар…

Бөлүшүү:
Next Post

Султан Раевге "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевге “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Наамды президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев тапшырып, облус башчысынын атынан драматургга ийгиликтерди каалады. Андан тышкары, Султан Раевге “Даанышман” медалы тапшырылды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн