Билим таймашында дагы 5 медаль

Автор

Кыргызстандык төрт окуучу Информатика боюнча өспүрүмдөр арасындагы XVI Балкан олимпиадасында (JBOI 2023) эки күмүш, эки коло медаль жеңип алышты.

Олимпиада 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өтүп, кыргызстандык окуучулар ага онлайн видео көзөмөл форматында катышышты.

Жеңүүчүлөр:

1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу – күмүш медаль;

3. Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль;

4. Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

Ошондой эле 2023-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин Словениянын Марибор шаарында өткөн Информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль тагынды. Исхак Тажибаев Чүй облусундагы “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев: "Биз чек-ара маселесин тынчтык жол менен чечүүгө кызыктарбыз"

Баткенде кайрадан аткезчилик көбөйө баштады. Мына, акыркы жумада эле 2 млн сомго чейин аткезчилик колго түшүрүлдү. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, орган кызматкерлерине, чек-ара кызматына жана мамлекеттик кызматкерлерге аткезчиликке бөгөт коюу боюнча иш алып барууну сунуштады. “Азырынча чек ара маселеси чечиле элек. Чек-ара ачылмайынча […]

Сизге жагышы мүмкүн