Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февралдан 14-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Доор адамы Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак
Шей Фев 13 , 2024
Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл артисти жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо, бүгүн 85 жашка толмок. Ал 1939-жылдын 13-февралында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинград шаарындагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүрүп, 70 чакты даректүү тасмаларды тарткан. Алардын ичинде “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/02/34142124_2052541251669090_2867820212672004096_n.jpg)