Эртең менен кандай тамактануу керек?

Автор

Эртең менен кандай тамактануу керек? Бул тууралуу адистер эртең мененки тамактануу үчүн пайдалуу жана пайдасыз азыктар тизмесин түзгөн.

Эмесе, эртең мененки тамак үчүн пайдалуу азыктар төмөндө:

Каша. Эртең менен сулудан же геркулестен ботко ичүү пайдалуу жана аш болумдуу. Сулудан жасалган ботко витамин жана минералдык азыктарга бай.

  • Быштак. Мөмө жана жашылча жемиштерди быштакка аралаштырып азыктануу керек. Быштак кальцийге бай, ошондуктан тишти, сөөктү, тырмакты бекемдеп, терини жакшыртып, жаш көрүнүүгө көмөк болот.
  • Бутерброд, бирок, колбаса кошулган эмес. Катуу сыр, быштак, помидор, бадыраң жана ашкөкөктөрдү кошуп бутерброд жасап жесеңиз узак убакыт боюу сергек жана активдүү жүрөсүз.

 

  • Ачытылган булочка. Абдан даамдуу, бирок зыян. Ачытылган азык ичти көптүрөт. Албетте бул ыңгайсыз.
  • Кофе. Эртең менен кофе ичүү ашказан былжырын жабыркатат. Ашказандан көп суюктук бөлүнүп чыгып, курсакты ачырат. Күндө эртең менен кофе ичсең гастрит пайда болушу мүмкүн.
  • Мөмө жемиштер: апельсин, алмурут, курма жана банан. Апельсинде ашказанды кыжырданткан кислота, бананда шекер, алмурутта клетчатка көп.
  • Йогурт. Ачкарын йогурт менен азыктануу пайда алып келбейт. Кечки тамактан кийин жесе тамак сиңимдүү болот.
  • Анан албетте, ачкарын тамеки чегүү же алкоголдук ичимдик ичүү организимге абдан зыян.
Бөлүшүү:
Next Post

“Кыргызстан-Оман” беттешин ирандык калыстар тейлешет

Бүгүн , 21-ноябрда “Кыргызстан-Оман”  беттешин ирандык калыстар тейлешет. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди. Беттеш  2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. Ал эми беттешти  ФИФА калысы Муд Бонядифард жетекчилиги алдындагы Ирандын арбитрлери калыстык кылат.  Башкы калыска Саед Гасеми жана Алиреза Илдором жардам беришсе, Каземи Сейдвахид […]

Сизге жагышы мүмкүн