

Эртең, 2-апрелде веложүрүштүн ачылышына байланыштуу Бишкектеги айрым көчөлөр жабык болот. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде саат 8:50дөн баштап «Ала-Тоо» аянтынан тартып Чүй проспекти Панфиловдон баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» паркына чейин жабык болот.
Катышуучулар жүрүштү саат 09:00дө «Ала-Тоо» аянтынан баштап, саат 10:30да Дайыр Асанов атындагы парктан токтойт.
Мэрия жашоочулардан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жабык жолдорду эске алуу менен сапарды алдын ала пландоого чакырган.
Эске салсак, иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG” ачык коому уюштурууда.