Эрдоган НАТОнун баш катчысын кабыл алды

Автор

Президент Эрдоган Столтенберг менен жолугушту. Анда аймактагы окуялар менен катар Швециянын НАТОго мүчөлүгү талкууланды. Столтенберг жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө: «Түркиянын НАТОнун Косовога кошумча аскер жиберүү чечимине ыраазымын. Түркия бул аракеттин башында турат»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Столтенбергдин жолугушуусу Долмабахчеде кеңсесинде саат 14.00дө башталды.
Басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу болжол менен 1 саатка созулду. Жолугушууда аймактагы окуялар менен катар өзгөчө Швециянын НАТОго мүчөлүгү темасы каралды.
Президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Жемиштүү жолугушуу өткөрүшкөндөрүн белгилеген Столтенберг, Түркиянын НАТО боюнча өтө маанилүү жана баалуу шериктеш экенин жана альянска маанилүү салым кошконун айтты.
Түркиянын салымы Косоводогу тынчтык орнотуу миссиясына берилген аскерлерди да камтыганын белгилеген Столтенберг, ансыз да чыңалуу күчөгөн кырдаалда бул салымдардын абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
Бир нече ай мурда коркунучтуу кыйроолорго алып келген жер титирөө үчүн тилектештик көрсөтүүгө жакында Түркияга келгенин эске салды.
Эрдоганды кайрадан шайланышы менен куттуктаган Столтенберг, түрк улутуна шайлоого болгон жогорку активдүүлүк үчүн ыраазычылыгын жана урматын билдирди.
Эрдоган менен келерки айда боло турган Вильнюс саммитинде күн тартибиндеги темалар боюнча пикир алмашкандарын белгилеген Столтенберг, НАТОнун Украинага күчтүү колдоосун, Швециянын НАТОго мүчөлүк процессинин да сүйлөшүлгөнүн белгиледи.
Швециянын маанилүү жана конкреттүү кадамдарды таштаганын белгилеген Столтенберг Швеция Түркиянын тынчсыздануусун канааттандырууну каалаганы, курал эмбаргосун токтотуу менен бирге террордук топтор менен күрөшүүдө кызматташтыкты арттырарын кошумчалады.
Столтенберг Швеция өз милдеттенмелерин аткарды деп ырастады.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Ормон хан тууралуу тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды

Кинематография департаменти Ормон хан Ниязбек уулунун (Ормон хан) жөнүндө тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тартыла турган тасма Ормон хандын 230 жылдык мааракесине арналып, анын өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн баяндамакчы. Сынакка билдирмелер 1-июндан 1-августка чейин кабыл алынат. […]

Сизге жагышы мүмкүн