“Эне жана баланы коргоо борборуна” элдин нааразычылыгы күчөдү

Автор

“Бул 1-видеодогу электрондук сигарет чегип олтурган дарыгер Жалдагы “Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун” жетекчиси Гүлзат Маймерованын кызы, ушул жерде врач болуп иштейт. Экинчи видеодо кызы өзүнүн кесиптештери менен ызы-чуу салып жатат. Апасы борбордо жетекчи, өзү дарыгер болсо, эң жөнөкөй адамдык этиканы сактаса болмок”,-деп жазды ФБ баракчасына белгилүү журналист Сайрагүл Садыкова. Ал аталган борбордун башкы дарыгери борборду менчигиндей кылып алганын билдирип, борборго нааразылыктар көп экенин, башкы дарыгерге жана анын кызына министрликтин баа беришин жана жазага тартышы керектигин жазган.

Жума башында “Энени жана баланы коргоо борборунда” ак халатчандардын жаңжалдашкан видеосу тараган. Анда алкынган бир кыз кесиптешин ыйлатып, кордоп атканын көрүүгө болот. Борбордогу мындай көрүнүш элдин нааразычылыгын туудурган.

Бөлүшүү:
Next Post

Министр менен депутат айтыша кетип, ыңгайсыз абал жаралды

“Сиз менин абройума шек келтирип жатасыз. Кооздоп сүйлөй бергендин эмне кереги бар? Колуңузда далилиңиз болсо, бербейсизби”,- деди маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутов «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында  депутат Жеңишбек Токторбаевге. “Сиз айткан маселенин баарын билебиз, каражат жагы караштырылып жатат”,-деп кошумчалады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн