“Крокус Сити Холлдогу” теракт: Кыргызстандык эки кыздын аты-жөнү каза болгондордун тизмесине кошулду

Автор

Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кандуу окуяда кыргызстандык эки кыздын аты-жөнү каза болгондордун тизмесине кошулду. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, 24 жаштагы Жусупова Эдита жана 20 жаштагы Гүлжигит кызы Маиза аттуу кыздар кандуу окуя болгон жерде эмгектенишкен. 22-марттан бери дайынсыз болуп жаткан кыздарды элчилик издеп жатканы маалымдалган.
Бирок, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ДНК анализинин жыйынтыгы даяр боло электе, аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты. Маалыматка ылайык, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары бүтө элек жарандардын маалыматтары камтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Эл аралык театр күнү

Бүгүн, 27-март Эл аралык театр күнү. 1961-жылы Венада өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде 27-мартты эл аралык театр күнү катары белгилөө бекитилген. Мына ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү көптөгөн театрлар, анын ичинде Кыргызстандагы театрлар 27-мартты кесиптик өнөр майрамы катарында белгилеп келет. Учурда Кыргызстанда 20дан ашуун профессионалдык театр бар […]

Сизге жагышы мүмкүн