reklam
reklam
hava 20° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.122.177 % 0.979
Соңку кабар
reklam
Google News

Экс-президентке 30дан ашык айып тагылды

Son Güncelleme :

31 марта 2023 - 12:43

reklam
Экс-президентке 30дан ашык айып тагылды
reklam

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка 30дан ашык айып тагылды.
2018-жылдын январь айында The Wall Street Journal гезити Трамп 2006-жылы актриса Сторми Дэниэлс менен мамиледе болгону жана 2016-жылдагы президенттик шайлоого аз калганда унчукпоо үчүн ага 130 миң доллар төлөгөн деген макаланы жарыялаган. Трамп өзү Дэниэлс менен жеке мамилеси жок деп ишендирүүдө.
Экс-президент Дональд Трамп шейшембиде сотко катышаары күтүлүүдө.
Бир катар белгилүү республикачылар АКШнын 45-президентинин сотуна каршы чыгышып, Манхэттен округунун прокурорун саясий себептерден улам өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти деп айыпташты.
Ошол эле маалда Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер «Трамп ар бир америкалык сыяктуу мыйзамдарга баш ийиши керек»-деген билдирүү таратты.
Анын айтымында, Трамптын тагдырын саясат эмес, сот системасы жана сот арачылары чечиши керек.

reklam