Экополиция түзүү каралууда

Автор

Ыш менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында экологиялык полиция түзүү каралууда.  Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, комиссия Бишкектин четиндеги конуштарды газдаштыруу, жылуулук электр борборун 15 от казанын газга өткөрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду жана жеке секторлорду текшерүү жөнүндө пунктту киргизүүнү сунуштады.

Ведомстволор аралык комиссияга ыш маселеси менен иш алып барган ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.

Ордо калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар Эдил Байсаловдун отставкасын карашат

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жалпы жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын кароо маселеси күн тартибине кирди. Мындай сунушту «Ишеним», «Ата журт-Кыргызстан», «Мекенчил» депутаттык тобу берген. Маселени күн тартибине киргизүүгө 61 депутат «макул», бирөө «каршы» болду. Парламенттин жыйынында да бир катар депутаттар Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн