Академик Абдыганы Эркебаев 70 жашта

Автор

Кечээ Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын “Ак-Суу” орто  мектебинде  Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын академиги, коомдук жана саясий ишмер, окмуштуу, адабиятчы, адабий сынчы Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык мааракесине карата  иш – чара болуп өттү.

Айтылуу адабиятчы Абдыганы Эркебаевдин туулган күнү 1-сентябрь бирок, жыл ичинде өтүүчү иш -чараларды кичи мекени баштап берди.

Иш – чарага Абдыганы Эркебаев үй-бүлөсү менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.И.Манапов, тарых илимдеринин кандидаты, Чоң-Алай энциклопедиясынын автору, Ленин чокусун багындырган альпинист, жеке ишкер А.А.Маматкайымов, ОшМУнун жооптуу кызматкерлери, облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Р.Назаров, облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Тойгонбаев, райондогу мекеме жетекчилери катышышты.

Иш – чаранын башталышында А.Эркебаевдин туугандары, айылдаштары, достору куттуктап, аргымак мингизишти.  Андан соң “Ак-Суу” орто мектебинде А.Эркебаев атындагы кыргыз тили жана адабияты каанасы жана А.Эркебаевдин музейинин расмий ачылышы болду.

 

Бөлүшүү:
Next Post

19-мартка карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,   Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,   Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,   […]

Сизге жагышы мүмкүн