reklam
reklam
hava 18° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.214,36 % 1.857
Соңку кабар
reklam
Google News

Штефан Таркович расмий түрдө “Ак шумкарлардын” машыктыруучусу болду

Son Güncelleme :

02 мая 2023 - 14:07

reklam
Штефан Таркович расмий түрдө “Ак шумкарлардын” машыктыруучусу болду
reklam

Штефан Таркович Бишкекке келип, Кыргыз футбол бирикмеси менен келишим түзүп, расмий түрдө улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматын ээледи.

Спорттук уюмдун маалыматына караганда  келишим бүгүн, 2-майда түзүлүп, анын мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

“Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футбол бирикмесинин президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз”, — деди словакиялык адис.

Эскерте кетсек, словакиялык адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курмасынын башкы машыктыруучусу болуп 24-апрелде дайындалган. Мындай чечим Кыргыз футбол бирикмесинин аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган.

reklam