Чемпиондор Лигасынын финалынын башкы калыстыгы аныкталды

Wp Pw

Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА)алдыдагы Чемпиондор Лигасынын финалына калыстар тобун жарыялады. Еврокубоктун чечүүчү жолугушуусунда Польшадан келген калыстар  тейлейт.

УЕФАнын расмий сайтында маалыматка ылайык, беттештин башкы калысы Шимон Марчиньяк болот. Ага жердештери Томаш Листкевич жана Павел Соколицкий четте жардам беришет.

Оюндун резервинде Румыниядан келген калыстар: Иштван Ковач жана Флорин Маринеску.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын финалында англиялык “Манчестер Сити” менен италиялык “Интер” беттешет. Беттеш 10-июнда Стамбулдагы Ататүрк атындагы олимпиадалык стадиондо өтөт.

Өзүң тууралуу жарым барак жазып берчи сураныч, Кеша КМУда  сени кантип тааныштырсын. Срочно бол батыраак ээ

Next Post

Кыргызстан менен Кытай 63 млн долларга эки сериал тартат

Кыргызстан менен Кытай “Жибек жолунун алыскы шамалы” жана “Бишкек сүйүүсү” аттуу эки сериалды  63 млн. долларга тартат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кытайлык эки компания менен Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги макулдашышты. Долбоорду Кытай тарап демилгелеген. “Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd” компаниясы […]