reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Францияда тополоңдун толкуну азайды

Son Güncelleme :

03 июля 2023 - 10:14

reklam
Францияда тополоңдун толкуну азайды
reklam

Францияда 17 жаштагы африкалык өспүрүм полициянын огунан каза болгондон кийин башталган тополоңдор уланууда. Көптөгөн шаарларда демонстрациялар уюштурулуп, коопсуздукту 45 миң полиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Бүгүн, алтынчы күндө чыңалуу басаңдаган жок бирок  бийлик тартип сакчыларынын аракетинен улам абал «тынч болуп» калганын билдирүүдө.

Ички иштер министри Жеральд Дарманин Твиттердеги баракчасына: «Түн укук коргоо органдарынын чечкиндүү аракеттеринин аркасында тынчыды» деп жазды.

Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам камакка алынган. Кармалгандардын көбү 13-14 жаштагылар болууда. 79 полиция жарадар болуп, 234 имарат өрттөлгөн же талкаланган.

reklam