Украинада курман болгон жарандардын саны жарыяланды

Автор

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси Украинадагы жайкын тургундардын курмандыктары боюнча статистиканы жаңылады.  18-июнга карата, 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада 9083 адам каза болуп, дагы 15790у жарадар болгон.
БУУнун маалыматы боюнча, Донбасстын Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндө 4105 адам каза болуп, 5861 адам жарадар болгон.Россия көзөмөлдөгөн  аймактарында 718 адам каза болуп, 2521 адам жарадар болгон.
БУУ чыныгы сандар мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин, маалымат катуу салгылашуу жүрүп жаткан бир нече аймактардан кечигип жатканын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Каныбек Осмоналиевди сынга алды

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова “Азия Ньюс” гезитине көлөмдүү маек берип, Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевди сындады. Ал “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгынын алдында Жогорку сотто ардагерлердин жолугушуусу болду. Президент да катышкан. Анан соттун бирине төш белги берип, “ардактуу юрист” деген күбөлүк берип кетип калды. Азыркы тил комиссиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн