Каныбек Осмоналиевди сынга алды

Автор

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова “Азия Ньюс” гезитине көлөмдүү маек берип, Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевди сындады. Ал
“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгынын алдында Жогорку сотто ардагерлердин жолугушуусу болду. Президент да катышкан. Анан соттун бирине төш белги берип, “ардактуу юрист” деген күбөлүк берип кетип калды. Азыркы тил комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев да отурган ал жерде. Анан баары бүткөндөн кийин Каныбек Осмоналиев туруп алып папкасынан Ардагерлер грамотасыбы, же ыраазычылык катпы, азыр эсимде жок, иши кылып бир кагазды алды да өзгөчөлөнтүп, Жогорку соттун төрагасына элдин көзүнчө колун кармап тапшырды, “кыргыз тилин жакшы өнүктүрүп аткандыгы үчүн” деп. “Эмне кылып өнүктүрүптүр?” деген күбүр-шыбыр сөздөр болду…
УПК, ГПК деген бар, кылмыш процессин жүргүзүп, өз ара иретин аныктаган. Ал жерде атам заманда эле биздин Кыргызстанда сот бийлиги иштей баштаганда ачык-айкын жазылган. Ишти кароо процесси, кылмыш ишиби, же жарандык иш болобу, кыргыз же орус тилинде жүргүзүлөт. Эгерде ал тилди билбесе, соттор алардын талабына жараша ишти карайт. “Мен орусча да, кыргызча дагы билбейм” деген процессуалдык кодекстердин нормалары сотту милдеттендирет, “ар бир тарапты тилмеч менен камсыз кылууну Жогорку соттон баштап, жергиликтүү сотторго чейин тараптардын түшүнгөн кыргыз жана орус тилинде жүргүзгөнгө милдеттүү” деп жазылган. Анан аны жаңылык кылып, “укмуштуудай өзгөртүү киргизип атыпсың” дегенине мен таңгалып, айткам да… Осмоналиевге ошол сөзүм катуу тийип аткан го. Ал билим берүү министри болуп иштеп жүргөн киши да, туурабы? Өзү физика илиминин кандидаты экен. Анан тилди өнүктүргөнү ошобу? Министр болуп турганда жаңы программаны иштеп чыкпайт беле баардык мектептерде кыргыз тилин, орус тилин толук программа менен окутуп, ар бир окуучу эки тилди бирдей так билгендей деңгээлге жеткирип? Бул жерден билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү өкмөттүк органдарды тынч уйкудан чочутуп жатат”,- деген Чолпон Баекова.

Бөлүшүү:
Next Post

Эдил Байсаловдун отставкасы дагы көтөрүлдү

“Мен Эдил Байсалов боюнча Акылбек Жапаров менен да, президент менен да сүйлөшөм. Ал комитет жыйынында айткан сөзүнө жана берген маегине жооп бериши керек”,- деп билдирди төрага Нурлан Шакиев. 22-июндагы пленардык жыйында Айбек Осмонов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовдун сөзүнө нааразычылык билдирип, “ар кимиңер укугуңарды билгиле деп, бул киши да […]

Сизге жагышы мүмкүн