БУУ Брянск окуясы боюнча комментарий берген жок

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Брянск аймагындагы окуя тууралуу кабарларга комментарий берген жок жана уюм жаңжалдын мындан ары күчөшүн каалабай турганын белгиледи.

Брифингде Дюжаррик БУУнун орус жана украин тараптарынын билдирүүлөрүнүн аныктыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз бейшемби күнү эртең менен Диверсиялык  чалгындоочу топ Украинадан Климовский районуна киргенин билдирди.  Кол салуунун натыйжасында эки адам каза болуп, он жаштагы бала жараат алган.  Россиянын президенти Владимир Путин украиналык диверсанттардын чабуулун террордук акт деп атады.  ФСБ коопсуздук күчтөрү Брянск облусунда аймакка кирип келген куралдуу украин улутчулдарын жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатканын тастыктады.

Брянск облусунда кырдаал көзөмөлгө алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров  кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:   «Урматтуу мекендештер!   Өткөн кылымдын акыркы он жылдыгында Кыргызстан эгемендигине ээ болуп, жаңы тарых барагын ачкан. Эң алды менен мамлекеттик символдорун кабыл ала баштаган.   Мына бүгүн […]

Сизге жагышы мүмкүн