УКМК массалык башаламандыкты пландаштыргандарды кармады 

Автор

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган  бир канча адамдар кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,   сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды.

Такталгандай, негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучукатары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды.

Аталган Н.Р.С.тин жетекчилиги астында бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн.

Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн.

Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн.

2023-жылдын 5-июнунда КР УКМК 30дан ашык катышуучу алынып келинди, КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алышкан.

Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган.

Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бюджеттик мекемелер 46 млрд сомду максатсыз колдонгон

Каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу 30 кылмыш иши козголуп, учурда тергелип жатканын Эсеп палатасы билдирди. 2022-жылы бюджеттик мекемелер 46 млрд 101,7 млн сомду туура эмес жумшаган. Маалыматта айтылгандай, 1 666 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр текшерүүгө алынып, 404 каржылык тартип бузуулар аныкталган. Мындан улам 15 млрд 544,3 млн сом казынага кайтарылууга тийиш […]

Сизге жагышы мүмкүн