Түркияда Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө окуучуларга сабак өтүлүүдө

Автор

Түркияга Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө окуучуларга сабак өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасына бөлүштү.

 

«Түркиядагы жер титирөөдөн катуу запкы чеккен шаар Кахраманмараш. Хатайдан кийин Кахраманмарашка келдик. Кыргыз куткаруучулары ушул шаарда болду. Бул шаарда кыргыз куткаруучулары жөнүндө ар бир инсан өзгөчө сыймыктануу менен айтат.

120дан ашуун боз үйлөр мына ушул жерге тигилген. Боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу илинип турган эки желек көзүбүзгө урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле көлөм жагынан кичинекей экен. “Эки желек көлөмү жагынан бирдей эмес, бирок кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди. Сиздерге ыраазыбыз!” деп жооп беришти түрк туугандар. Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт. Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар», — деп жазылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

2023-жылдын эки айында ИПД 6%га өстү

2023-жылдын январь-февраль айларында ИПД көлөмү 110.6 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 6%дытүздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти билдирди. Мекеменин алдын ала баалоосу боюнча Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 4.6%ды түздү (2022-жылдын январь-февралында – 2.8%). 2023-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 14%ды […]

Сизге жагышы мүмкүн