Тууну өзгөртүүгө каршы акция өтүүдө

Автор

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик желегин өзгөртүүгө каршы акция өтүүдө. Горький паркына чогулгандар колдоруна желектерди кармап алып, нааразы пикирлерин айтып жатышат.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Бөлүшүү:
Next Post

Чолпон Баекова: “Конституция сүйүү жөнүндө китеп эмес”

“Конституция сүйүү жөнүндө китеп эмес. Ал биздин жашообузга багыт берет. Бирок, биздикилер өздөрүнө жакпаса, оозун жабышат экен. Мамлекеттин атрибуттарын алмаштырууга болбойт. Ар ким өздөрүнө жараша ыңгайлаштыра беришет экен”,- деп билдирди Конституциялык Соттун мурдагы төрагасы Чолпон Баекова. Ал академик Абдыганы Эркебаевге кайрылып, “мугалим, коомдук ишмер жана такшалган саясатчы катары парламенттегилерге сабак […]

Сизге жагышы мүмкүн