Кыргызстандык 10 бүтүрүүчү Кытайдын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде окууга өттү

Автор

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кытай элчиси министр Иманалиевге КМШ Стипендиялары программасынын алкагында Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырды.

Элчи кыргызстандык студенттер аракетчил келерин айтып, Кыргызстандан барган студенттер Кытайдын жогорку окуу жайларында билимин мыкты көрсөткүчтөр менен улантып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, элчи Ду Дэвэнь 13-июлдан 25-июлга чейин Кытайда уюштурула турган жайкы лагерге кытай тарап эки окуучуну бир коштоочусу менен чакырып жатканын кабарлады.

Министр Каныбек Иманалиев Ду Дэвэнге жагымдуу жаңылыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жайкы лагерге бара турган окуучулардын тизмеси 1-2 күндө такталып, жибериле тургандыгын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

«Сулайман-Тоо» музейи убактылуу жабылды

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи убактылуу жабылды. Маалым болгондой, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу музей шаар тургундары жана коноктору үчүн 2023-жылдын 5-июлунан 28-августуна чейин жабык болот. Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн