reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3743 % % 0.5
EURO 25,4507 % % 1.95
GRAM ALTIN 1.480,17 % % 2,01
ÇEYREK A. 2.420,08 % % 2,01
BITCOIN 626.238 % 0.62
Соңку кабар
reklam
Google News

Туристтерге эс алганы үчүн акча төлөнөт

Son Güncelleme :

09 марта 2023 - 9:36

reklam
Туристтерге эс алганы үчүн акча төлөнөт
reklam

Тайвандын бийлиги туризм тармагын колдоого багытталган жаңы чаралардын алкагында бул жылы өлкөгө эс алууга келген туристтерге 5 миң Тайвань доллары же 12,3 миң рубль төлөөнү карап жатат. Бул жолду быйыл алты миллионго жакын турист тартуу зарылчылыгы менен түшүндүрүүдө.

Өлкөнүн толук мамлекеттик чек аралары өткөн жылдын октябрь айында гана коронавирустук пандемиядан улам ачылган. Андан кийин Тайвань саякатчылардын ондон бир бөлүгүн  тарта албаганы белгиленген. Бийликтин белгилешинче, пандемияга чейин өлкөгө дээрлик 12 миллион адам келсе, 2022-жылы бул көрсөткүч тогуз миң болуп азайган.

Тайвандын Туризм бюросу төлөмдөр саякатчыларга келгенден кийин санариптик форматта картага которот. Эс алуучулар ал жакта жүргөндө колдоно алаарын, анын эсебинен бардык каражаттар мамлекеттин туризм тармагына кайтарыла турганын тактады.

reklam