Трамп менен Путин жакшы мамиледеби?

Автор

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бийликте калса, Россиянын Украинадагы аскердик операциясы «эч качан башталбайт эле» деп ырастоодо. Ал ошол эле учурда Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон мамилесин «өтө жакшы» деп атады.
Анын айтымында, Путин менен тил табышкан. Анткени ага «алсыздарга караганда күчтүүлөр менен мамиле түзүү оңой».
«Бирок мен ага катуу мамиле кылгам. Ал куруп жаткан түтүктү (“Түндүк агым-2”) токтоттум»,-деди Трамп.
Дональд Трамп 2023-жылы бийликте болгондо Украинадагы жаңжалды 24 саатта токтоторун айткан. Украина президенти Владимир Зеленский буга күмөн санаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро -2024: Биринчи оюнда Германия менен Шотландия беттешет

Бүгүн төрт жылда бир өтүүчү Европа чемпионаты Германияда башталат. Европадагы башкы трофейи үчүн алтымышка жакын мамлекет тирешип, тандалып отуруп 24 өлкө кыл чайнашка чыкты. Алгачкы тиреш керемет жаратылыш курчаган Мюнхендин “Альянц Арена” стадионунда, Европанын чемпиондук чокусун 3 жолу багындырган талаа ээлеринин «Бүркүттөрү» менен Шотландиянын «Тартан армиясы» беттешке чыгат. Турнирдин биринчи […]

Сизге жагышы мүмкүн