Зеленский кош жарандуулукту сунуштады

Автор

Владимир Зеленский Жогорку Радага көп жарандуулук жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап жатканын айтты. Анда орус жарандарынан башка этникалык украиндерге, ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабында согушуп жаткан чет элдик жалданма аскерлерге украин жарандыгын алууга уруксат бере турганын баса белгиледи.
Жогорку Раданын депутаты Мария Мезенцева 2022-жылы украин бийликтери Украинада кош жарандуулукту мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Анын айтымында, Украинада кош жарандуулукка ээ боло албоо өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгүнө тоскоол болуп калды.
Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 2023-жылдын октябрында Украинада көп жарандыкты киргизүүнү колдой турганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэриясы контролерлорду ишке чакырат

Бишкек мэриясы автобус, троллейбустардагы төлөмдү көзөмөлдөө үчүн контролерлорду ишке чакырат. Муниципалитеттен билдиришкендей, эмгек акысы күнүнө 1200 сом жана ар бир саткан «Тулпар» карталары үчүн 10 сом каралган. Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылуу зарыл: “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы 0312 531789, “Бишкек троллейбус башкармалыгы” 0312 65 75 90. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн