reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

«Тозок дарбазалары» газ кратерин өчүрүүнүн жолун ойлоп табышты

Son Güncelleme :

21 июня 2023 - 12:56

reklam
«Тозок дарбазалары» газ кратерин өчүрүүнүн жолун ойлоп табышты
reklam

Түркмөнстан «Тозок дарбазасы» деп аталган Дарваза газ кратерин өчүрүү долбоорун иштеп чыкты. Долбоор бекитүү стадиясында турганын «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинин жаратылыш газы боюнча Илим изилдөө институтунан билдиришти.

«Биз долбоор түздүк, анын негизги маңызы бул авариялык скважинага газдын агымын чектөө. Азыр ал практикалык ишке ашыруу стадиясында турат. Жумуш баштала элек, бирок алар башталаардан мурун теориялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, долбоорду түзүү керек. Бул долбоор буга чейин түзүлгөн, ал бекитүү стадиясында турат»,-деп жазылган билдирүүдө.

Кратер 1971-жылы советтик геологдор тарабынан табылган жаратылыш газынын топтолгон жеринде пайда болгон. Скважинаны бургулоодон кийин, алар газ менен толтурулган чоң тешик ачкан. Геологдор от өчөт деп ойлошуп, газды күйгүзүүнү чечишкен. Бирок кратер дагы эле күйүп жатат. Анын диаметри 60 метр, тереңдиги 20 метрдей.

2004-жылы Дарваза конушу газдын күйүү продуктуларынын айлана-чөйрөгө тийгизген зыянынан улам көчүрүлгөн. 2018-жылы кратерге «Каракум жарыгы» деген наам берилген.

reklam