reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1709 % % 0.17
EURO 28,9695 % % 0.21
GRAM ALTIN 1.683,02 % % 0,51
ÇEYREK A. 2.751,74 % % 0,51
BITCOIN 726.813 % 0.389
Соңку кабар
reklam
Google News

Тарыхтагы эң бай спортчулар аталды

Son Güncelleme :

11 марта 2023 - 11:05

reklam
Тарыхтагы эң бай спортчулар аталды
reklam

Мурдагы баскетболчу  Майкл Жордан «Sportico» басылмасынын версиясы боюнча тарыхтагы эң бай спортчу аталды. Бул тууралуу спорт журналынын  расмий сайтында жарыяланды.

Тарыхтагы эң бай спортчулардын тизмесинин башында америкалык баскетболчу Майкл Жордан 3,3 миллиард доллар кирешеси  менен тизменин башында турат.

Гольф оюнчулары Тайгер Вудс (2,5 миллиард)экинчи, Арнольд Палмер (1,7 миллиард) үчүнчү, Джек Никлаус (1,63 миллиард)  төртүнчү орунга  ээ болушту.

Бешинчи орунда 1,58 миллиард доллар менен португалиялык футболчу Криштиану Роналду турат. Алтынчыда — баскетболчу Леброн Джеймс (1,53). Аргентиналык футболчу Лионель Месси (1,48) жетинчи, америкалык мушкер Флойд Мейвезер (1,41) сегизинчи, швейцариялык теннисчи Роджер Федерер тогузунчу (1,38), америкалык гольф оюнчусу Фил Микельсон онунчу (1,36) орунда турат.

Бул суммаларга эмгек акы, акчалай сыйлыктар, бонустар, гонорарлар жана басма үйлөрү менен болгон келишимдер кирет. Ошондой эле демөөрчү компанияларга үлүштүк катышуудан түшкөн акча каражаттары ошулду. Бардык киреше салыктарга чейин көрсөтүлгөн.

reklam