reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

Son Güncelleme :

15 апреля 2023 - 9:41

reklam
Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү
reklam

Ош мамлекеттик университетинде КР Эл акыны, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист, драматург, журналист, белгилүү коомдук ишмер, Молдо Нияз адабий сыйлыгынын лауреаты Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аталышындагы ыр жыйнагынын бет ачары болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ОшМУнун жалпы жамааты, коомдук-саясий ишмерлер жана ыр күйөрмандары катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Тазагүл Закированын көп кырдуу талантына токтолуп, 75 жаш кутман курагы менен куттуктады.

Кеченин жүрүшүндө «Дүбүрт» студенттик театры тарабынан сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартууланып, «Жигер» чыгармачылык борборунун мүчөлөрү тарабынан акындын ырларынан көркөм окулду. Белгилүү обондуу ырлары жаңырды.

Акын Тазагүл Закированын Ата Мекен тууралуу жазылган 100гө жакын обондуу ырлары эл арасында ырдалып, Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталган. Ош шаары тууралуу жазылган “Ош вальсы”, “Мекеним Кыргызстан”, “Оштон таптым”, “Сулайман тоо”, “Ошум сен, эңсеп келчү ыйык шаарым”, “Кусалык” сыяктуу ырлары эл оозунда ырдалып жүрөт.

reklam